Быйыл июль айында Улуттук Банктын ошол кездеги төрагасы алты айда мигранттар Тажикстанга 195 млн доллар аз которушканын, бул өткөн жылдын ушул мезигилине салыштырмалуу 14,8% аз экенин айткан. Алты айда мигранттар 999 млн доллар жөнөтүшкөн.
Тажикстандын экономикасы чет өлкөдөгү мигранттардын акча которууларынан көз каранды. Расмий статистика боюнча 2019-жылы мигранттар өлкөгө 2,7 млрд доллар которгон. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 6,6% көп болгон.
Орусиянын Борбордук банкы 21-декабрда Орусиядан Тажикстанга которулган каражаттын көлөмү боюнча маалымат жарылаган. Быйылкы жылдын тогуз айында 1 млрд 224 млн доллар жөнөтүлгөн, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37% аз.