Ссылки доступа

Трамп Пол Манафорт менен Роджер Стоунга ырайым берди


Пол Манафорт
Пол Манафорт

АКШнын президенти Дональд Трамп Рождество майрамынын алдында ар кыл кылмыш үчүн соттолгон 26 кишиге ырайым берди. Алардын арасында АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүнүн алкагында соттолгон эки киши да бар.

Алар – Пол Манафорт менен Роджер Стоун. 71 жаштагы Манафорт иликтөөнүн негизги фигуранттарынын бири болгон.

Убагында Украинада, Филиппинде жана Африканын бир катар өлкөлөрүндө иштеген политтехнолог Пол Манафорт АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трамптын штабын жетектеген. Бирок Украинанын Аймактар партиясы ага 12,7 миллион доллар төлөгөнү жана ал салыктан качканы тууралуу кабарлар ачыкка чыккандан кийин штаб башчылыгынан кеткен. Манафорт күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Пол Манафорт салык жашырып, банк мыйзамдарын бузганы үчүн айыпталып, жалпысынан жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Ал темир тор артында эки жылдай отурду. Трамп Манафортту “эр жүрөк адам” деп сыпаттап, анын күнөөлүү экенине ынанбай турганын айткан.

Мындан тышкары президент өзүнүн мурдагы кеңешчиси Роджер Стоунга да ырайым берди. Ал Орусиянын кийлигишүүсү боюнча иликтөөнүн алкагында бир нече кылмышка, анын ичинде жалган көрсөтмө берүүгө айыпталып, 40 ай түрмөгө кесилген. Трамп анын соттолушун саясий куугунтук деп баалаган.

Буга чейин президент атайын прокурор Мюллердин иликтөөсүнүн натыйжасында соттолгон же айыпталган бир нече кишиге, анын ичинде генерал Майкл Флиннге ырайым берген.

Трамптын штабынан соттолгон кызматкерлер түздөн-түз Орусия менен кутумга барууга айыпталган эмес.

XS
SM
MD
LG