Ссылки доступа

Түркмөнстанда бир катар мамлекеттик ишканаларда үч айдан бери маяна бериле элек


Лебап облусундагы бир нече мамлекеттик ишкананын кызматкерлери үч айдан бери маяна алыша элек. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул тапта Лебап облусундагы завод, фабрикаларда иштеген 1500дөй киши айлык албай иштеп жатат.

Алардын катарында Лебап автотранспорт ишканасынын жүк ташуучу унааларынын, автобустарынын жана таксилеринин айдоочулары, «Lebapawtoýollary» курулуш ишканасы, «Türkmenpagta» жана пахтаны кайра иштетүүчү заводдор, килем токуган фабрикалар бар.

Ишкананын жетекчилери финансылык-экономикалык кризистен улам айлык төлөөгө мүмкүн болбой жатканын билдиришкен.

Бул арада Лебап облусунун темир жол ишканасынын кызматкерлеринин 70% акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жиберилген, аларга 4-5 айдан бери эч кандай материалдык жардам көрсөтүлө элек.

Түркмөнстан акыркы төрт жылдан бери терең экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. Соңку мезгилде көптөгөн ишканалар жабылып, бир катар министрликтер менен ведомстволор бириктирилген, көптөгөн жумуш орундары кыскартылган.

XS
SM
MD
LG