Ссылки доступа

Америкалык аскерлер балдарды пандемияга карабай Санта белектерди берип үлгүрөт деп ишендирди


АКШ менен Канада түзгөн Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгы (NORAD) 24-декабрда ак сакалдуу, чоң курсактуу Санта-Клаус деп аталган кишини тыкыр көзөмөлдөп атканын билдирди.

АКШ аскердик аба күчтөрүнүн генералы Глен Д. Ван Херк кооптонууга негиз жок экенин айтты. Колорадо штатындагы NORAD базасынын персоналы пандемия Санта-Клаус жана анын бугуларына тоскоолдук жаратпай, бүткүл дүйнөдөгү балдарга белектерин берип үлгүрүшүнө көз салып турат.

Байкоо долбоору 1955-жылдан бери келаткан Рождествонун салттарынын бири. Анда кичинекей бала жаңылыштык менен базага чалып, Санта менен байланыштырып коюуну өтүнгөн.

Санта-Клауска көз салуу боюнча ыкчам борбордо адатта 1500дөй ыктыярчы иштеп, бүткүл дүйнө боюнча чалууларды кабыл алат. Бирок быйыл COVID-19 көйгөйүнө байланыштуу борбордун штаты кыскартылган. Жер шарында вирус жуктургандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу көпчүлүк быйыл Санта тоскоолдуксуз белектерди берип үлгүрөбү деген суроону беришүүдө.

«Санта-Клаус муну менен көп жылдан бери алектенет, ал мурда да пандемияны башынан өткөргөн жана дүйнөдөгү кыйынчылыктар менен күрөшкөн. Мен Санта-Клаус кантип коопсуз калуу керектигин жакшы билет деп 100 пайыз ишенем», — деди Ван Херк.

Быйыл Рождество болуп көрбөгөндөй кырдаалда өтүп жатканы менен америкалык аскерлер Сантанын саякатында кандайдыр бир мүчүлүштүк болот деп эсептешпейт. Сантанын жолу тууралуу ыкчам маалыматтарды алып туруу үчүн noradsanta.org сайтына кирүү керек.

XS
SM
MD
LG