Ссылки доступа

Өзбекстанда мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен соттолгон дипломаттын жакындары БУУга кайрылат


Өзбекстанда эки жыл мурда чыккынчылыкка айыпталып кармалган дипломат Кодиржон Юсуповдун жакындары аны абактан чыгаруу үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) кайрылууга ниеттенип жатышат.

Мурдагы дипломаттын үй-бүлөсү адам укуктарын жана жарандык эркиндикти коргоо менен алектенген британиялык Doughty Street Chambers компаниясынын башчысы Жеффри Робертсонду юридикалык кеңешчи катары чакырды. Ал Юсуповдордун үй-бүлөсүнүн атынан БУУнун негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобуна арыз даярдап жатканын билдирди. Робертсондун айтымында, бул иште Өзбекстандын жана эл аралык укуктун көптөгөн процессуалдык нормалары бузулган.

8-декабрда Конституция күнүнө карата жарыяланган мунапыс менен абактан чыгат деп күткөн Юсуповдун үй-бүлө мүчөлөрү эми БУУ өзбек өкмөтүнө басым кылып, аны эркиндикке чыгарат деп үмүттөнүп жатышат.

30 жылдай Австрия, Словакия, Британия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү дипломатиялык миссияларда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы өкүлчүлүктө кызмат өтөгөн Юсупов быйыл 9-январда мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Мурдагы дипломат 2018-жылы декабрда кармалып, Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкенттеги тергөө абагына киргизилген. Анын иши боюнча сот отурумдарынын бардыгы жабык өткөн.

Юсуповдун туугандары ал Ташкенттеги ооруканада дарыланып жатканда кармалганын билдиришкен. Алардын айтымында, мурдагы дипломат 1995-жылдан бери оор психикалык оору менен жабыркап келет.

2019-жылы жайында «Хьюман Райтс Вотч» эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигин Кодиржон Юсуповду тез арада эркиндикке чыгарууга чакырган. Уюмдун билдирүүсүндө мурдагы дипломат абакта кыйноого кабылып, анын ар-намысы тебеленип жатканы жазылган.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG