Ссылки доступа

Алматынын апелляциялык соту активист Диана Баймагамбетованы камакта калтырды


Алматынын апелляциялык соту 28 жаштагы активист Диана Баймагамбетовага камоодон башка бөгөт чарасын колдонуу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Баймагамбетова 12-декабрда Алматынын эл аралык аэропортунда “тыюу салынган уюмдун ишине катышуу” (Кеп "Көчө партиясы" жөнүндө болуп атат), “экстремисттик топтун ишине катышуу” шеги менен кармалган. Ал ошол эле күнү Алматыдагы изоляторго жеткирилип, эки күндөн кийин соттун токтому менен эки айга – 12-февралга чейин камалган.

Баймагамбетова быйыл жалпысынан 45 суткага (15 суткадан үч жолу) административдик камакка алынган. Ал уруксат берилбеген акцияларга катышууга айыпталган.

Казак укук коргоочуларынын маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдө 110 киши “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” уюмдарынын ишине катышуу, экстремисттик топ түзүү же ага катышуу айыбы менен камакта отурат.

“Көчө партиясы” менен “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылдарынын ишмердүүлүгүнө соттун чечими менен “экстремисттик уюм” катары тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG