Лебап облусунун борбору Түркмөнабад шаарында үч оорукана карантин режиминде иштеп жатат.
Медицина кызматкерлер 14 күндөн нөөмөткө турушат. Бул учурда ар бир медик өз чөнтөгүнөн 400 манаттан (114 доллар) коротууда.
“Алар үч маал тамактын акчасын өзүлөрү төлөшөт. Самын, шампунь, тиш пастасын жана башка жеке гигиена каражаттарын сатып алышууда. Ал тургай даарат кагаздарын да өзүлөрү алып келишет”,- деди жергиликтүү тургундардын бири.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 25-сентябрда курч инфекциялык оорулар менен күрөшкөн саламаттык сактоо кызматкерлерине кошумча акча төлөп берүү жөнүндө токтомго кол койгон.
Жергиликтүү дарыгерлердин биринин айтымында, эч кимге үстөк акы төлөнүп бериле элек.
Тескерисинче, карантиндеги медициналык мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлык акысы кыскартылганы айтылууда.
“Себеби бул мекемелер мамлекетке киреше алып келбей калды. Биздин маяна кирешеден көз каранды. Мамлекетке канчалык көп акча төксөк, айлык акы ошончолук көбүрөөк болот”, - деди ал.
Бул арада Түркмөнстан орусиялык “Спутник V” вакцинасын сатып алууга кызыктар экенин билдирген. Бул тууралуу кабар 25-декбрда Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жарыяланган.
Түркмөнстан азыркыга чейин өлкөдө COVID-19 вирусу бар экенин расмий түрдө мойнуна ала элек.