Ссылки доступа

Орусия Кыргызстандын пенсиясын төлөшөт


Москва Кыргызстанга каржылык көмөк катары 20 млн. доллар бермей болду. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматында «бул акча социалдык төлөмдөр үчүн кайтарымсыз негизде» берилери көрсөтүлгөн.

«Орусия Кыргызстандын бюджетине колдоого, бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасына, пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо системасын каржылоого акча бөлдү. Макулдашуунун долбоорун Кыргызстан жактырды, жакында кол коюлат», деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстандагы 700 миңге чукул пенсионерге бир айлык пенсия үчүн 4 миллиард 156 миллион сом керектелет. Орусия берери сөз болгон 20 млн. долларды сомго азыркы курс менен которгондо 1 млрд. 640 млн. сом болот. Бирок бул акчанын канчасы пенсияга, канчасы башка төлөмгө берилери айтыла элек.

Финансы министрлигинин өкүлү Нурбек Акжоловдун айтымында, Орусиянын бул жардамы узап бараткан жылда калып кеткен таңсыктыкты жоюш үчүн жумшалат.

«Орусиянын кайтарымсыз жардам көрсөтүшү тууралуу макулдашууга эки өлкөнүн финансы министрлери 21-декабрда кол коюшкан. Ал акча биздин эсепке 29-декабрда которулары айтылган. Бул каражат республикалык бюджеттин 2020-жылдагы каржылык ажырымын жабууга жумшалат», - деди ал.

17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2019-жылдагы ишмердиги тууралуу отчёту берилип, 2021-жылга карата божомолдор каралган. Фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр 2 миллиард 700 миллион сомго кемип калгандыктан пенсия төлөө кечигиши мүмкүн экенин айткан. Бул билдирүүдөн кийин пенсия төлөө маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынган эле.

Бирок бир күндөн кийин, 18-декабрда Социалдык фонд «январь айында пенсия убагында жана толук берилет» деген билдирүү тараткан. Ал эми премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 19-декабрда өкмөт социалдык милдеттенмелерди өз убагында жана толук аткарарын билдирген:

2020-жылдын 1-январындагы эсеп боюнча Кыргызстанда 670 миң пенсионер катталган. Ал эми ушул күнгө карата 687 миң киши пенсия алып жатат. Жылдын аягындагы статистикага ылайык чейин бул көрсөткүч 700 миңге жетиши мүмкүн.

Соцфонддун маалыматына ылайык, мекеме 2021-жылы пенсия үчүн 62,4 млрд. сом төлөп бериши керек. Бирок камсыздандыруу төлөмдөрү кеткен чыгымдарды толук жаба албай жаткандыктан өкмөт жетишпеген акчаны республикалык бюджеттен алууга мажбур болууда. Буга байланыштуу келерки жылы бюджеттен пенсияга 24,1 млрд. сом которуу пландалып жатат.

XS
SM
MD
LG