Башка өлкөдөн келген кишилер бир нече саат аэропортто кармалууга мажбур болууда.
Айрым жүргүнчүлөр Өзбекстандан учуп кетерде 100 доллардай коротуп, ПЧР-тест тапшырышканы менен, Ташкент аэропортуна келгенде кайра тесттен өтүүгө мажбурлап жатканына нааразы болушууда.
25-декабрдан тартып Өзбекстанга келген бардык жүргүнчүлөр, анын ичинде коронавирус жок экенин көрсөткөн ПЧР-тестти барлар да кайрдан экспресс-тесттен өтүүгө милдеттендирилген.