Фарап районунда 19 банкомат болсо, алардын алтоо гана иштөөдө. Дарганата аймагында 27 банкоматтын ичинен 8и гана калды.
Банкоматтарда кезек күткөндөр урушуп кеткен учурлар көп. 28-декабрда Гызыларват шаарында жаалданган топ кырдаалды көзөмөлдөп турган полиция кызматкерлерин сабап салган.
Түркмөнстанда банкоматтарды алуу жараяны быйыл жайында башталган.
Өлкөдө пластик карталардан акча чыгарып алууга чектөө киргизилген.