Ссылки доступа

Тажикстандын бийлиги элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда


Тажикстанда акыркы жумаларда президенттин жардамчылары, министрлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугуп, аларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып жатышат.

Буга байланыштуу ишкерлер электр энергиясынын ордуна отун колдонууга өтүшкөнүн билдиришүүдө.

«Өткөн жумада 10-12 киши келип, быйыл суу аз экенин, кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдөө керектигин айтышты. Ошондон кийин чайды отунга кайнатууга өттүк», — деди Абдурахмонахуджу Хайдаров аттуу чайкана ээси.

Жарандар бийликтин электр энергиясын үнөмдөө чакырыгына жооп катары тарифтер жогору болгондуктан, алар ансыз деле жарыкты үнөмдөп жатышканын айтышууда.

«Электр энергиясын көп колдонсок ошончо көп төлөп калабыз. Электр жарыгын колдонууга чектөөлөр киргизилгенден кийин үйгө меш койгонбуз. Бирок кийин келип, көп кабаттуу үйлөргө мындай меш орнотууга болбой турганын айтышты. Айла жок үйдү электр энергиясы менен жылытууга туура келүүдө», — деди Вахдат шаарынын тургуну Абдурахмон Ашуров.

Айрым басылмалар дарыялардагы суунун аз болуп жатышын Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан улам коңшу Өзбекстанга көбүрөөк суу берилип жаткандыгы менен байланыштырышууда. Бирок бийлик бул маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG