Мекеме тараткан маалыматка караганда, Жаңы жыл майрамына карата эки посттун ишин убактылуу токтото туруу боюнча Кытай тарап демилге көтөрдү.
«Торугарт» бекетинен автоунааларды өткөрүү 4-январда, «Эркечтамда» 2-январда жандандырылат. Мамлекеттик чек ара кызматы бул посттор Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу үчүн гана иштеп жатканын кошумчалады.
Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турат.