Ссылки доступа

Германия ЕБди коронавируска каршы дагы бир вакцинаны жактырууга чакырды


Германиянын расмий бийлик өкүлдөрү Европа биримдигин (ЕБ) Оксфорд университети менен биргеликте иштелип чыккан AstraZeneca компаниясынын вакцинасын жактырууга чакырышты.

Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Спан биримдикти AstraZeneca компаниясынын жаңы вакцинасын «тез арада изилдөөгө» чакырып, «эмдөө — пандемиядан чыгуунун негизги жолу экенин» белгиледи.

Ал январдын башында америкалык Moderna компаниясынын вакцинасы да жактырлышы мүмкүн экенин билдирип, өлкө 31-декабрга карата Pfizer жана BioNTech вакциналарынын 1,3 миллион дозасын алат деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

Ал ортодо коронавирустун Британияда табылган жаңы штаммы АКШда, Индияда жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө да аныкталды. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө боюнча кеминде 20 өлкө өз аймактарында вирустун мутацияланган жаңы түрү табылганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG