Баяндамада насыяларды төлөө мөөнөттөрүнүн жылдырылышы Тажикстанга социалдык тармакка, саламаттык сактоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө көбүрөөк каражат бөлүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы белгиленген.
Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, азырынча тажик бийлигинин өтүнүчүнө Кытай гана жооп берип, карызды төлөө мөөнөтүн 2021-жылдын ортосуна чейин жылдырууга макул болду.
Өткөн жылы ноябрда Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода өкмөт 2021-жылы эл аралык каржы уюмдарынан 562 миллион доллар насыя алууну пландап жатканын, анын негизги бөлүгү Рогун ГЭСин куруп бүткөрүүгө жумшала турганын билдирген.
2020-жылдын 1-октябрына карата Тажикстандын тышкы карызы 3,7 миллиард долларга жеткен. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 43,3% түзөт.