Ссылки доступа

Иран уранды 20 пайызга байытуу ишин жандандырганын билдирди


Иран өкмөтү уранды 20 пайызга байытуу ишин жандандырганын билдирди. Өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабиейи 4-январда билдиргенине караганда, президент Хасан Роухани "Форду" ишканасында өзөктү байытуу ишин баштоого буйрук берди.

Муну менен Тегеран 2015-жылы түзүлгөн эл аралык келишимди дагы бир жолу бузду. 2018-жылы Вашингтон ал макулдашуудан чыгып, санкцияларды калыбына келтиргенден бери Иран Ислам жумурияты милдеттенмелеринен бара-бара баш тарып келатат. Документке ылайык, Иран атомдук программасын, анын ичинде уран байытуу жүрүмүн чектемек, бул үчүн БУУнун өлкөгө карата санкциялары кыйла жеңилдетилмек.

XS
SM
MD
LG