Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада 683 киши илдет жуктуруп, 8 бейтап көз жумду


Казакстанда акыркы бир суткада 645 адам COVID-19 вирусун жуктуруп, 38и пневмонияга кабылганы аныкталды. Жети киши көз жумду.

Расмий маалымат боюнча 13-марттан бери 157 579 кишиге вирус жукту, 2 336 бейтап каза болду.

Бул арада Казакстанда COVID-19 типтүү пневомнияга чалдыккандардын эсеби 1-августтан бери жүргүзүлүп келет. Андан бери 45 984 адамдын өпкөсү кагынып, 509 өлүм катталды, соңку суткада пневомниядан бир бейтап өмүр менен кош айтышты.

Ушул тапта вирустан жалпысынан 22 710 киши дарыланып жатат, 288 бейтаптын абалы оор, 49 бейтаптын абалы өтө оор, 41и өпкөнү жасалма желдетүүчү аппаратка туташтырылган.

XS
SM
MD
LG