Ссылки доступа

Анжиянда жергиликтүү тургунду сотсуз жазалаган беш киши айып пул менен кутулду


Анжиянда беш киши «Майда бейбаштык» беренеси менен административдик жоопкерчиликке тартылды. Алар базарды видеого тартып жүргөн жергиликтүү тургунду сотсуз жазалоого күнөөлүү деп табылышты.

Анжиян облусунун Жалалкудук районундагы административдик иштер боюнча соттун төрагасы окуя 2020-жылы 22-декабрда болгонун билдирди. Анын айтымында, сот бул ишти 25-декабрда караган.

4-январда күчүнө кирген сот өкүмүнө ылайык, соттолуучулар 735 миң сум (69 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөштү.

Анжиян облустук милициясынын маалыматына караганда, окуя жергиликтүү тургун жер-жемиштердин баасы менен таанышуу үчүн Жалалкудук районунун борборунда жайгашкан дыйкан базарына барганда болгон. Тургун базарды видеого тарта баштаганда, андагы кишилер ал жол эрежесин бузуп токтотулган автоунааларды тартып жатат деп ойлоп, аны сөгүп, кемсинте башташкан.

3-январда социалдык түйүндөргө жарыяланган видеодо бети канжалаган тургун автоунаанын багажында камалып турганын көрүүгө болот. Топтолгон адамдар аны кемсинтип, кадр сыртындагы кишилердин бири «Телефонун бербегиле», – деп кыйкырган. Дагы бирөө «күнөөкөрдү» бакка байлап коюуну сунуштаган.

Видеону көрүп чыккан юрист Маримбой Ражабов бул окуяда кеминде алты кылмыштын белгиси бар экенин билдирди.

– Жигиттин бетинде кан бар экени көрүнүп турат. Демек, аны сабашкан. Бул үчүн «Атайылап адамдын денесине зыян келтирүү» беренесинде жаза каралган. Аны мажбурлап автоунаанын багажына киргизишкен. Муну «Кыйноо» беренеси менен караса болот. Мындан тышкары видеодо сотсуз жазалоонун уюштуруучуларынын бири жигитти бакка байлап коюуну сунуштап жатат. Бул үчүн «Зомбулук менен өлтүрөм деп коркутуу» беренеси бар. Эң башкысы, видеодо жигитти автоунаанын багажына камап коюшкан. Мындай аракеттер үчүн «Күч менен эркиндигинен ажыратуу» беренеси менен жазаласа болот. Андан тышкары топтолгон адамдар аны кемсинтип, ага карата сөгүнгөн сөздөрдү айтышкан. Бул үчүн «Кемсинтүү» беренеси менен иш козгосо болот. Акыркысы, алар телефондун сыр сөзүн талап кылып, аны ачууга аракет кылышкан. Муну «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси менен кароого мүмкүн. Бирок сот алардын мындай аракеттерин майда бейбаштык катары эсептеп койду», — деди юрист.

XS
SM
MD
LG