Ссылки доступа

Наманганда аракка ууланып өлгөндөрдүн саны беш кишиге жетти


Наманган облусунун Туракурган районунда «Градусник» арагынан ууланып өлгөндөрдүн саны беш кишиге жетти.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, жалпысынан 13 киши аракка ууланып, ооруканага түшкөн.

Буга чейин Жаңы жыл алдында Наманганда Кыргызстанда өндүрүлгөн «Градусник» арагынан эки киши өлгөнү айтылган.

Райондук прокуратура кылмыш ишин козгоду. Арактан ууланып өлгөндөр 36-52 жаштагы кишилер болгон.

Райондук медициналык бирикменин башчысы Дилмурод Исмоилов ооруканага жеткирилген бейтаптардын ичинен алтоо айыгып үйлөрүнө чыгарылганын, экөөнүн абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө экенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG