Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, хакерлердин аракетинен кийин облус акимчилигинин сайтында чабуулду Clone Security тобу ишке ашырганы тууралуу жазуу пайда болгон.
Ошондой эле анда хакерлер акимчиликтин бардык административдик системасына киришкенин, эгер облус башчысы «мыкты адистерге көңүл бурбаса», анын жашыруун чечимдери менен буйруктары жарыялана турганы жазылган.
Мындан тышкары Clone Security тобу ЖМКларга кайрылуу жолдоп, «эки жума мурда акимчиликтин иш башкармалыгынын башчысы мекеменин маалыматтык технологиялар бөлүмүндө иштеген кызматкерди сабап салганын» белгилешкен. Алардын айтымында, 16-декабрда бул маселе боюнча президенттин виртуалдык кабылдамасына кайрылган кызматкер иштен алынган.
2013-жылы июнда да Clone Security хакерлер тобу Өзбекстандын футбол федерациясынын расмий сайтына чабуул коюшкан. Ага чейин ушул эле топ өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясынын сайтын бузуп киришкен.