Жыйындын жүрүшүндө кош палата көпчүлүк добуш менен Аризона штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын ырастады. Буга чейин шайлоонун жыйынтыктарына каршы болорун билдирген бир нече республикачы сенатор да бул чечимди колдоп добуш беришти. Алар мындай аракети менен президент Трамптын тарапташтарынын кечээки аракеттерине каршылык билдиришкенин айтышты.
Андан соң Конгресстин Сенаты Пенсильвания штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча каршы пикирди четке какты. Бул штатта Жо Байден Дональд Трамптан 80 миң добуш көп алып, жеңишке жетти.
Дональд Трамп ушул күнгө чейин утулганын мойнуна ала элек. Анын тарапташтары 6-январда күндүз Капитолийге кирип барып, Конгресстин жыйынын үзгүлтүккө учуратышкан. Жыйын имарат Трамптын тарапташтарынан тазаланган соң уланууда.