Ссылки доступа

Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды


Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу атайын кызмат 7-январда маалымдады.

Расмий кабарга ылайык, Бабанов УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүнүн алкагында фигурант катары өтүүдө.

«Белгиленген кылмыш иштерин иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалымдалып турат», деп билдирди УКМК. Кайсы кылмыш иштери экени тууралуу сөз болуп жатканы ачык айтылган жок.

Өмүрбек Бабанов саясаттан кетерин президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин, 2017-жылдын 30-декабрында билдирген. Мындай билдирүү ага эки кылмыш иши козголуп, иликтенип жаткан учурда жасалган. Натыйжада Бабанов мандатын тапшырып, Орусияга чыгып кеткен. «Республика» партиясынын лидерлигин Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген. 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки толкундоодо келип, митингдерде сүйлөгөн.

2019-жылы Кыргызстанга келген учурда Финполцияга да суракка чакырылган.

XS
SM
MD
LG