Ссылки доступа

Өзбекстан, Казакстан жана АКШ өкмөттөрү «Борбор Азия инвестициялык өнөктөштүгүн» түздү


АКШнын, Казакстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү «Борбор Азия инвестициялык өнөктөштүгүн» түзүштү. Бул боюнча үч өлкө өкмөтүнүн биргелешкен билдирүүсү АКШнын Ташкенттеги элчилигинин сайтына 7-январда жарыяланды.

Документте катышуучулар аймактагы экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында бул демилгеге башка өлкөлөрдүн да кошулуусун кубаттай тургандыктары белгиленген.

«Бул демилгенин алкагында тараптар Борбор Азиядагы жана анын сыртындагы жеке сектордун өнүгүүсүнө, ошондой эле экономикалык байланыштардын бекемделишине түрткү бере турган долбоорлорду колдоо үчүн беш жылдын ичинде кеминде 1 миллиард доллар топтоого болгон аракеттерин көрүшөт», - деп жазылган билдирүүдө.

Борбор Азия инвестициялык өнөктөштүгү C5 + 1 платформасы аркылуу иштейт жана Борбор Азиянын, атап айтканда Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот, ошондой эле чөлкөмдөгү коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жоюуга көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG