Ссылки доступа

Ташкентте IMEI-коддору каттоого алынбаган телефондорду саткан ишкерлер текшерилүүдө


Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (МКК) өкүлдөрү Ташкенттеги «Техно-Олам» соода борборунун аймагында жайгашкан «Малика» базарында уюлдук телефон саткан адамдарды текшерүүдө.

Ишкерлердин айтымында, атайын кызматтагыларды өз алдынча ташылып келинген, Өзбекстанда IMEI-коддору каттоого алынбаган Huawei телефондору кызыктырууда.

«Жарандар чет өлкөдөн алып келинген Huawei телефондорун сатып алып, сим-карта салганда иштебей койгон. Мындан улам алар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал телефондор өлкөгө UZIMEI системасына катталбастан ташылып келингени аныкталды. Азыр атайын кызмат өкүлдөрү бул телефондорду импорттогон адамдарды издеп жатышат», — деди ишкер.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын рейдинен кийин базардагы бир нече дүкөндүн ээси убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.

Өзбекстанда 2018-жылдан тартып чет өлкөлөрдөн алынып келинген мобилдик телефондор үчүн UZIMEI-коддорду каттоо системасы киргизилген. Анда мындай чечим аткезчиликтин алдын алуу максатында кабыл алынганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG