Ссылки доступа

Казакстанда активист Макс Бокаев 4-февралда эркиндикке чыгаары айтылууда


Казакстанда 2016-жылдагы жер маселесине байланышкан митингдер боюнча беш жылга соттолгон жарандык активист Макс Бокаев кийинки айда эркиндикке чыгат. Бул тууралуу аны менен чогу кармалып, 2019-жылы абактан чыккан шериги Талгат Аян «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Аяндын айтымында, Бокаев жаза мөөнөтүн өтөп жаткан түзөтүү мекемесинин жетекчилиги ал 4-февралда эркиндикке чыгарын билдирген.

«19-январда шаардык сотто Бокаевди административдик көзөмөлгө алуу боюнча отурум белгиленди. Административдик көзөмөл алты айдан эки жылга чейинки мөөнөткө киргизилиши мүмкүн. Адам укугун чектөөнүн бул түрү жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн жарандарга карата колдонулат. Ага ылайык, жаран ай сайын пробация кызматына барып турушу керек. Мындан тышкары түнкүсүн жашаган үйүнөн, шаардан, өлкөдөн чыкпоо сыяктуу чектөөлөр да бар. Бул эрежелерди бузуу үчүн кайра эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп жазды Аян.

Ал Бокаевге административдик көзөмөл орнотууну туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, көзөмөлдүн максаты «анын потенциалдуу коомдук ишмердүүлүгүн чектөө жана көзөмөлдөө» болуп эсептелет.

Макс Бокаев өзү декабрда «Азаттыктын» казак кызматына берген маегинде эркиндикке чыккандан кийин митингдерге катышууга даяр экенин билдирген.

2016-жылы жер сатууга каршы өткөн митингерден кийин беш жылга соттолгон активист Макс Бокаев 2020-жылы 28-сентябрда Актөбөдөгү түрмөдөн Атырау шаарындагы колонияга которулган. Ал «Социалдык кастыкты козутуу», «Жалган маалымат таратуу» жана «Митингдер тууралуу мыйзамды бузуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен Казакстандагы активисттер Макс Бокаев эркиндикке чыгышы керектигин айтып келишкен. Аны укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесине киргизишкен.

XS
SM
MD
LG