Ссылки доступа

Капитолий полициясы Вашингтондогу башаламандыктардан бешинчи киши өлгөнүн ырастады


Капитолийдин полициясы 6-январда Вашингтондо болгон башаламандыктардан бир кызматкери каза болгонун ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, Капитолий полициясынын офицери Брайан Сикник Конгресс имаратын басып алуу учурунда көз жумган бешинчи киши болуп калды. Ал башаламандыктар болгон күнү кеңсеге баргандан кийин эсин жоготуп, көп өтпөй жергиликтүү ооруканада жан берген.

Офицердин өлүмүн Вашингтондун полиция департаментинин тиешелүү бөлүмү иликтей баштады.

Буга чейин CNN телеканалы демонстранттар менен болгон кагылышуудан кийин бир полиция кызматкери каза болгонун кабарлаган, бирок Капитолий полициясы бул маалыматты четке каккан. Андан бир күн мурда нааразылыктар маалында төрт киши, анын ичинде бир аял көз жумганы айтылган.

Bloomberg агенттиги башаламандыктардан кийин бийлик 50дөн ашык кишиге айып такканын билдирди. Алардын көбү имаратка мыйзамсыз бастырып кирүүгө жана күч кызматкерлерине кол салууга айыпталууда.

XS
SM
MD
LG