Ссылки доступа

Демократтар 11-январда Трампка импичмент жарыялоо беренесин алып чыгышы мүмкүн


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы демократтар дүйшөмбү, 11-январда президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө беренени алып чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу “Америка Үнү” конгрессмен Тед Льюга шилтеме жасоо менен билдирди.

Өткөн ишемби күнү кечинде Конгресстин 190дон ашуун мүчөсү импичментти жактаган, алардын баары – демократтар. Импичмент беренеси кандай жазылары белгисиз, президент өз тарапташтарын Капитолийге кол салууга шыкактоого айыпталышы ыктымал.

Демократтар президенттин тарапташтарынын Капитолийге чабуул жасоосуна Трамптын Вашингтондо өткөн митинг учурунда сүйлөгөн сөзү түздөн-түз себеп болгон деп эсептешет. Трамп анда президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, тарапташтарын Капитолийге барууга үндөгөн.

Трампка 2019-жылы да импичмент жарыялоо сунушталган. Ал кызмат абалын кыянат пайдаланууга айыпталган. Сенатта республикачылар көпчүлүктү түзгөндүктөн, президент акталган жана президенттик милдетин улантууга мүмкүнчүлүк алган. Президенттик бир мөөнөттө эки жолу импичментке кабылуу АКШ тарыхында болгон эмес.

Трамптын ыйгарым укуктарынын бүтөрүнө 10 күн калды. 20-январда шайлоодо жеңген демократ Жо Байден президенттик кызматка киришет. Ага карабай Палатадагы демократтар ушул жумада бул процедураны аяктоону көздөшүүдө. Андан соң импичмент иши Сенатка өткөрүлүп берилет. Сенат 20-январга чейин ишти карап үлгүрбөйт, бирок жараян Трамптын мөөнөтү бүткөндөн кийин деле улана бериши мүмкүн. Эгер Сенаттын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси импичментти жактаса, Трамп мурагы президентке берилген жеңилдиктеринен, анын ичинде күзөтчүлөрдөн жана пенсиясынан кол жуушу ыктымал. Бул арада Сенат Трамптын 2024-жылы экинчи мөөнөт үчүн шайлоого катышуусуна тыюу салып да коюшу мүмкүн.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча өз позициясын билдирген жок, ал бул маселени Конгресс карашы керек деп эсептейт.

Трамп импичмент боюнча комментарий бере элек. Дүйнөдөгү алдынкы соцтармактар 6-январда болгон окуядан кийин анын аккаунтун жаап же өчүрүп ташташкан.

XS
SM
MD
LG