Ссылки доступа

Тажикстанда төрт жаштагы жээнине сексуалдык зомбулук көрсөткөн аял соттолду


Турсунзаде шаарынын кире бериши
Турсунзаде шаарынын кире бериши

Душанбенин Сино райондук соту төрт жаштагы жээнин кыздыгынан ажыраткан Турсунзаде шаарынын тургунун 11,5 жылга соттоду.

Одина Хайдарова «Атайлап ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрөт.

Соттун маалыматына караганда, Хайдарова мындай кадамга мурдагы келинин (инисинин аялы) жаманатты кылуу үчүн барган. Азырынча өкүм боюнча соттолуучунун же анын адвокаттарынын пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок. Бирок Хайдарова буга чейин айыптоолорду «ушак» жана «мурдагы келинимдин өч алуусу» деп атаган.

Өз кезегинде кыздын апасы «Озоди» радиосуна маек берип, соттук-медициналык экспертиза зордуктоо болгонун ырастаганын билдирген.

«Күйөөм менен үч жыл мурда ажырашкам. Ал алимент төлөп жаткандыктан, кызы менен көрүшүп турчу. Курман айттын алдында эжеси экөө келип, сейилдеп келели деп кызды алып кетишкен. Эртеси телефон чалып, кыз ооруп калганын айтышты. Ооруканадан кыз зордукталганын билдиришти», - деди ал.

Тажикстанда зордуктоо үчүн 12 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу, же өмүр бою соттоо, же өлүм жазасына тартуу жазалары каралган.

«Укуктук демилгелер» коомдук уюмунун маалыматы боюнча 2020-жылы Тажикстанда балдарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө байланыштуу 12 кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG