Ссылки доступа

Өзбекстан аскердик техникаларды өндүрүүнү пландоодо


Ташкент облусунун Нурафшан шаарындагы аскердик жана атайын техникаларды өндүрүү долбоору президент Шавкат Мирзиёевге көрсөтүлдү.

Жергиликтүү бийлик маалымдагандай, долбоор 55 миллион долларга бааланууда.

Өзбекстандын Улуттук банкы 39 миллион доллар, "Nurafshon-Maxsus-Texnika" компаниясы 16 миллион доллар бөлөт. Өндүрүштү Krantas Group менен Туйтепа металлоконструкция заводу колго алат.

Маалыматка караганда, бул жерде биринчи айлампада (2021-жылы) Tarlon жана Shield аталышындагы жеңил түрдө чопкутталган 100 автоунаа чыгарылат. Экинчи айлампада (2022-жылдан баштап) 200 бензовоз, 300 сүйрөөчү трактор, 500 жүк ташуучу унаа, 400 таштанды чыгаруучу унаа, 100 кар тазалоочу унаа жана 20 өрт өчүрүүчү унаа өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG