Гарибабадинин айтымында, бул процедура үч баскычта жүрөт. Анын алгачкысында «металл ураны жаратылыш уранын пайдалануу аркылуу өндүрүлөт».
«Биз бул кадамдарыбыз тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке маалымат бердик», — деп кошумчалады Гарибабади.
Reuters өз макаласында металл уранын өзөктүк курал жасоодо колдонсо болорун белгилеген.
Тегерандын бул ишмердүүлүгү 2015-жылы Иран, АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германиянын ортосунда түзүлгөн келишимге каршы келет. Анда ирандыктарга «плутоний жана уран тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө» тыюу салынган. Тегеран мындай иш-аракеттерге баруу үчүн келишимге кол койгон башка өлкөлөрдүн макулдугун алышы керек.
Өткөн жумада Ирандын бийлиги жер алдында жайгашкан «Фордо» ишканасындагы уран байытуу ишин 20% калыбына келтиргенин билдирген. Бул эл аралык келишимде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөн беш эсе көп. Тегерандын бул чечими 2018-жылы өзөктүк келишимден чыгып, Иранга бир тараптуу санкцияларды киргизген АКШ менен мамилеси начарлап турган чакта кабыл алынды. Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден Вашингтондун өзөктүк келишимге кайра киришин колдой туранын, бирок бул үчүн Иран макулдашуудагы шарттарды аткарышы керектигин белгилеген.