Ссылки доступа

HRW Адам укуктарына байланыштуу баяндамасын жарыялады


Отчет HRW о нарушении прав человека в странах Центральной Азии. Что в нем сказано
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

Эл аралык «Human Rights Watch» уюму 2020-жылы дүйнөдө адам укуктарына байланыштуу кырдаалга байкоо салган баяндамасын жарыялады.

Баяндамада Кыргызстанда адам укуктары жаатында бир катар мыйзамдар бузулганы белгиленет.

Анда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түрмөдөгү өлүмү жыл ичинде бул чөйрөдөгү эң терс көрүнүш болуп калганы белгиленет. 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Аскаров «оң тараптуу пневмониядан» көз жумганын билдирген. Эл аралык уюм кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин тыянагына көз жуумп, Аскаровдун саламаттыгынын начарлашына байланыштуу тынчсызданууга карабай түрмөдөн чыгарбай келгенин белгилеген.

«Human Rights Watch» баяндама жарыяланган кезде да бийлик Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзө элек экени жазылган. Укук коргоочулар боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Аскаровдун өлүмүн «кыргыз өкмөтүнүн аброюна шек келтире турган кара так» деп атаган.

Андан тышкары эл аралык уюм 8-мартта өткөн тынч митингге чыккан 70дей активисттин мыйзамсыз кармалышына да көңүл бурган. Алардын айрымдары күч түзүмдөрүн сотко бергени менен Жогорку сот милициянын аракеттерин мыйзамдуу деп тапкан.

Баяндамада ошондой эле укук коргоочу Камил Рузиевдин камалышы белгиленет.

HRW 2020-жылы Кыргызстанда журналисттер сынчыл макалалары үчүн тартип коргоо органдарынын куугунтугуна кабылганын белгилейт. Айрым журналисттер октябрь айындагы саясий башаламандык маалында кол салууга, анын ичинде тартип коргоочулардын чабуулдарына кабылганы да жазылган. Кээ бир журналисттер нааразылык акцияларын чагылдырып жатканда тиги же бул топтордун опузасына, куугунтугуна кабылганы баса белгиленет.

HRW иликтөөчүлөрү Шавкат Мирзиёевдин бийлиги учурунда Өзбекстанда адам укуктарына байланыштуу абал жакшырганын, бирок саясий система баары бир авторитардык бойдон калганын белгилеген.

Уюм Казакстанда болуп жаткан окуяларды адам укуктары тармагындагы реформалардын оңунан чыкпай калышы деп атаган. Өткөн жылы бийликке сын айткандарга каршы кылмыш иштери козголду, сөз эркиндиги басмырланды, тынч жыйын жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынганына карбай, нааразылыкка чыккандар кармалды.

Баяндамага ылайык, Тажикстанда адам укуктары боюнча абал начарлоодо. Бийлик саясий атаандаштарына карата репрессиялык мамиле жасап, аларды түрмөгө камоону улантууда. Өкмөт чет өлкөдөгү оппоненттерин күч менен өлкөгө кайтаруу тажрыйбасынан баш тарта элек. Пандемия учурунда журналисттерге карата кысым күчөдү.

Баяндамада Түркмөнстанда коронавирустун бар экенин четке каккан бийлик жарандарга жана медициналык кызматкерлерге кысымды күчөткөнү, вирус тууралуу кеп козгоого тыюу салынганы айтылат. Өлкөдө экономикалык каатчылык уланууда, азык-түлүк тартыш.

Эл аралык «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюмунун 100дөй мамлекеттеги Анын ичинде Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кырдаалга көз салган баяндамасы 13-январда жарык көргөн.

"Мирзиёев говорит о большей открытости, но на самом деле этого не происходит"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:02 0:00

XS
SM
MD
LG