Ссылки доступа

Орусиядагы тажикстандык мигранттар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты (видео)


Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Орусиядагы тажик эмгек мигранттарын колдоо үчүн мобилдик тиркеме иштеп чыкты.

Мигранттар үчүн укуктук маалыматтар камтылган мобилдик тиркеме үч бөлүктөн турат. Тиркемени жүктөп алган колдонуучулар Орусияга чыгарда, Орусияда жүргөндө жана мекенине кайтарда кандай эрежелерди сакташы керек экенин, укуктарын жана милдеттенмелерин биле алышат.

​Тажикстандык Фаридун Умаровдун айтымында, мигранттар кандайдыр бир маселени чечерде ортомчулардын кызматына муктаж болуп келишкен. Эми бул тиркеме кур дегенде кырдаалдан чыгууга жол көрсөтүп турат.

Тиркемени иштеп чыккан адистердин айтымында, Орусиядагы миграциялык мыйзамдар өзгөргөндө, тиркемедеги маалыматтар дароо жаңыланып турат.

Тиркеменин жардамы менен Тажикстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана миграциялык кызматтар менен да байланышып турууга болот.

В Таджикистане разработано мобильное приложение для трудовых мигрантов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

XS
SM
MD
LG