Ссылки доступа

Блинкен: «Путиндин бир кишиден ушунчалык коркуп жатканы таң калычтуу»


Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы кызматына талапкер болуп жаткан Энтони Блинкен шайланган президент Жо Байдендин администрациясы Алексей Навальныйдын «оозун жабуу» боюнча орус бийлигинин аракетин кескин айыптай турганын билдирди.

«Ал миллиондогон орусиялыктын пикирин айтып жатат. Орусияда алардын пикири угулушу керек. Владимир Путиндин бир кишиден ушунчалык коркуп жатканы таң калычтуу», — деди Блинкен Сенаттын тышкы иштер боюнча комитетинин угууларында.

Мындан тышкары ал Орусия АКШ үчүн чакырык бойдон калып жатканын белгилеп, жаңы администрация бул чакырыкка олуттуу мамиле кыла турганын кошумчалады. «Көп нерсени талкуулоо керек. Бул жаңы администрациянын күн тартибиндеги эң башкы маселелердин бири», — деди Блинкен.

18-январда Байдендин администрациясы бул багыттагы иштерди токтотпоо үчүн Трамп дайындаган Москвадагы элчи Жон Салливандан кызматында калууну өтүнгөн.

Буга чейин Навальныйдын камакка алынганын АКШнын азыркы мамлекеттик катчысы Майк Помпео да айыптаган. «Өзүнө ишенген саясий лидерлер атаандаштарынын сөздөрүнөн коркпойт, саясий каршылаштарына карата зомбулук көрсөтүп, аларды мыйзамсыз камабайт», — деген Помпео.

Шейшемби күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Путин кимдир-бирөөнөн коркуп жатат» деген билдирүүлөрдү сандырак кеп деп атаган.

Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага учуп келери менен “Шереметьево” аэропортунда кармалган. Ал былтыр августтагы ууландыруудан соң Германияда дарыланып жаткан. 18-январда Москванын четинде Химки шаарынын полициясынын имаратында анын бөгөт чарасын караган жараян өтүп, 15-февралга чейин камакка алынган.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын билдирген. Бул иш боюнча сот жараяны 2-февралга белгиленген.

XS
SM
MD
LG