Ссылки доступа

Алматыдагы тергөө соту төрт активисттин камактагы мөөнөтүн узартты


Алматы шаардык район аралык тергөө соту 20-январда активисттер Кайрат Кылычовдун, Аскат Жексебаевдин, Абай Бегимбетовдун изолятордогу камак мөөнөтүн, Даметкан Аспандиярованын үй камагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты.

Сотко айыпталуучулар катышкан жок. Прокурор сот жараяны учурунда тергөө аяктай электигине байланыштуу алардын абактагы жана үй камагындагы мөөнөтүн узартууну сураган. Бул тууралуу алардын адвокаты Галым Нурпейисов билдирди.

Даметкан Аспандиярова 23-сентябрда тыюу салынган “Көчө партиясынын” ишине аралашты, экстремисттик топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деген шек менен үй камагына алынган.

Асхат Жексебаев 22-августта, Абай Бегимбетов 23-августта, Кайрат Кылычов 30-августта кармалган.

Үчөө “тыюу салынган уюмдун ишине аралашты”, “экстремисттик топ уюштурмак болгон” деген шек менен кармалган. Казак бийлиги активисттерди “Көчө партиясынын” ишине катышы бар деп күнөөлөп жатат.

Казакстандын Кылмыш кодексинде бул айыптар үчүн 8-17 жыл жаза каралган.

Казак укук коргоочуларынын маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдө 110 киши “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” уюмдарынын ишине катышуу, экстремисттик топ түзүү же ага катышуу айыбы менен камакта отурат.

XS
SM
MD
LG