Ссылки доступа

Байден Трамптын бир катар чечимдерин жокко чыгарды


АКШнын президенти Жо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин эле, 20-январда, мурдагы президент Доналд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарды.

Ал иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду. Бул чечимдерге ылайык, АКШ глобалдык климатка байланыштуу Париж келишимине кайра кошулат, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы мүчөлүгүн калыбына келтирет. Мексика менен чек арада дубал куруу иштери токтотулат, Кыргызстан, Сирия, Иран, Ливия жана башка ондон ашуун мамлекеттин жарандарына иммиграциялык визага киргизилген чектөө жокко чыгарылат. Калкынын көбү мусулмандар болуп саналган бул мамлекеттердин жарандарына визалык чектөөлөр Трамптын буйругу менен 2017-жылы, эки жылдан кийин Кыргызстан жана дагы беш мамлекетке карата киргизилген.

Дагы башка чечимдери менен АКШнын жаңы президенти Байден коронавирустан сактаныш үчүн жарандарды Американын федералдык жайларында маска тагынып жүрүүгө, социалдык обочолонууга милдеттендирди.

78 жаштагы Байден 20-январда түшкө жуук ант берди. Бул жөрөлгө маалында ал XIX кылымга таандык үй-бүлөлүк Библияга колун койду. Ошенип, ал АКШнын президенти катары ант берген жашы эң улгайган саясатчы болуп калды.

Анын вице-президенти Камала Харрис ага чейин бир нече мүнөт калганда ант берди. Харрис айым бул президенттен кийинки жогорку кызматты аркалаган алгачкы аял жана ак эмес түстөгү алгачкы мамлекеттик ишмер болуп калды.

XS
SM
MD
LG