Ссылки доступа

Өзбекстанда жумушсуздук үчүн жөлөк пул бир жылда 26 гана жумага төлөнөт


Өзбекстанда 21-январда «Калктын жумуштуулугу жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.

Мыйзамга ылайык, жумушсуздук үчүн жөлөк пул бир жылдын ичинде эң көп дегенде 26 гана жумага төлөнөт. Акыркы 12 айдын ичинде жумушсуз калган жарандарга мурдагы ишиндеги орточо айлык акынын 50% төлөнөт. Ошол эле маалда бул сумма 679 330 сумдан (65 доллар) көп болбошу керек.

Мындан тышкары бир жылдан ашык убакыттан бери жумушсуз болуп, бирок кайра ишке орношууга аракет кылып жүргөн жарандар орточо айлыктын 1%, алгачкы жолу жумуш издеп жаткандар кеминде 75% алууга укуктуу болушат.

XS
SM
MD
LG