Ссылки доступа

Орусияда нааразылык учурунда 3,5 миңден ашуун киши кармалды


Орусиянын ар кыл аймактарында 23-январдагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну жана жемкорлукка каршы күрөштү талап кылган нааразылык жыйындары маалында айрым шаарларда демонстранттар менен полиция кагылышканы жана 3,5 миңден ашуун киши кармалганы кабарланды.

ОВД-Инфонун" маалыматына караганда, кармалгандардын саны 3564кө жетти. Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч.

Москвада 1400дөн көп киши, Петербургда 500дөн ашык киши кармалды.

Орусия бийлиги кармалгандардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек.

Бардыгы болуп Орусиянын 100дөн ашуун шаарында нааразылык акциялары өттү. Жалпысынан демонстрацияга 100 миңден көп киши катышты. Алар Алексей Навальныйды бошотууну талап кылышып, Владимир Путиндин башкаруусуна жана анын саясатына каршы чыгышты.

"ОВД-Инфо" билдиргендей, полиция кызматкерлери 30дай кишини сабады. Петербургда укук коргоо органдарынын кызматкери ичке тээп жиберген аял ооруканага жатты.

Кармалгандарын арасында 100дөн ашык өспүрүм жана ондогон журналисттер бар.

Кармалгандардын көпчүлүгү административдик протокол түзүлгөндөн кийин бошотулду, дагы бир бөлүгү сотту күтүп, ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоо жайларында түнөштү.

XS
SM
MD
LG