Ссылки доступа

Өзбекстанда мугалимдер Ислам Каримовдун бюсту үчүн акча чогултууга мажбурланууда


Ислам Каримовдун бюсту
Ислам Каримовдун бюсту

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда мектеп мугалимдери маркум президент Ислам Каримовдун бюстуна акча чогултууга мажбурланууда. Бул тууралуу жергиликтүү мугалимдердин «Озодлик» радиосуна жөнөткөн кайрылуусунда жазылган.

«Биз мугалимдердин атынан кайрылып жатабыз. Жакында мектеп директору облустук акимчиликтен Каримовдун бюстун алып келди. Ал анын баасы 450 миң сум (50 доллар) экенин, ар бир мугалим 10 миң сумдан чогултса, топтолгон акчаны акимчиликке жеткирип берерин айтты. Биз пандемия шартында ансыз деле араң жашап жатсак, акча чогултууга мажбурлап жатышат. Мындай акча чогултуулардан тажадык», — деп жазылган мугалимдердин кайрылуусунда.

Облустун Чиракчин районундагы бир нече мектептин директору мугалимдердин бул билдирүүсүн ырасташты.

– Бир нече күн мурда райондогу 10 чакты мектепке Ислам Каримовдун бюсттарын таштап кетишти. Ар бир директордон аны сатып алып, руханият сабактары өткөн класстарга коюу тууралуу тил кат жаздырып алышты. Азыр акча чогултуп жатам, дагы 100 миң сум керек. Бул сумма топтолгондон кийин облустук акимчиликке жеткирип берем», — деди райондогу директорлордун бири.

Райондук акимчиликтин кызматкери мектептерге Каримовдун бюстун таратып берүү буйругу облустук администрациядан келгенин билдирди.

Бирок Кашкадарыя облустук акимчилиги бул маалыматты четке кагууда.

– Биринчиден, туңгуч президенттин бюстун таратуу облустук билим берүү башкармалыгы менен макулдашылып ишке ашырылууда. Облус боюнча бир нече үлгүлүү мектепти тандап алып, аларга демөөрчүлөрдүн акчасына Каримовдун бюстун сатып берүүнү чечтик. Бизде мугалимдерден акча чогултууга тыюу салынган, ошондуктан мындай кылууга эч кимдин укугу жок. Силерге туура эмес маалымат беришиптир», — деди акимчиликтин өкүлү.

Өз кезегинде облустук билим берүү башкармалыгы мектептерге таратып берүү үчүн Ислам Каримовдун 200 бюстун алганын кабарлады. Мекеменин билдирүүсүндө азыр бюсттар башкармалыктын имаратында экени, алар үчүн каражат демөөрчүлөрдөн же бюджеттен тышкаркы булактардан келиши керектиги белгиленген.

«Бюсттар Чиракчин, Мубарек, Каршин, Касан жана Дехканабад райондорундагы каражатты өз алдынча төлөйбүз деген мектеп директорлоруна гана берилди», — деп жазылган билдирүүдө.

Каримовдун бюсттарын даярдоо менен алектенген Ташкенттеги «Темир воҳаси» ишканасынын жетекчиси Талиб Пулатов бул демилге Ислам Каримов атындагы республикалык кайрымдуулук фондуна таандык экенин билдирди.

«2019-жылдан бери жалпысынан Ислам Каримовдун 1,5 миң бюстун жасадык. Алар Кашкадарыя облусунан тышкары Фергана облусундагы бюджеттик мекемелер менен мектептерге таратылды. Бюсттарды өлкөнүн бардык аймактарына таратуу планы бар», — деди Пулатов.

XS
SM
MD
LG