Ссылки доступа

Казакстанда айлыкты жогорулатууну талап кылган мунайчылар иш ташташты


25-январда Актөбө облусунун Темир районундагы Көкжиде кенин иштеткен «КМК Мунай» компаниясынын 200дөн ашык жумушчусу айлыкты 100% жогорулатууну талап кылып, иш таштады.

25-январь күнү эртең менен вахта алмашып, 120 мунайчы үйлөрүнө кайтышы керек болчу. Бирок күндүн биринчи жарымында алар өндүрүш базасына чогулуп, айлык акыларын 100% жогорулатууна талап кылышты.

— Алгач 100гө чукул киши чогулдук. Түшкө жакын экинчи вахтанын жумушчулары кошулуп, 200дөн ашты. Биз айлыкты 100% жогорулатууну талап кылып жатабыз. Жумуш оор, айлык аз. Ушундай ири компанияда орточо айлык акы 160 миң гана теңгени (азыркы курс боюнча 370 доллар) түзөт дегенге ишенесиңерби?», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жумушчулардын бири.

Анын айтымында, өткөн жылы августта алардын айлыгы 33% жогорулаган. Бирок буга карабастан, бүгүнкү күндө адистиги жана разрядына жараша 120 миң теңге маяна алган жумушчулар да бар.

— Жумушчулар чынында эле айлыкты жогорулатууну талап кылып чыгышты. Коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок. Алардын талабынан кийин атайын комиссия түзүлүп, курамына облустук жана райондук акимчиликтин, ошондой эле эмгек инспекциясы башкармалыгынын өкүлдөрү киришти», — деп билдирди Темир районунун акими Жолдас Батырхан.

«КМК Мунай» компаниясы Көкжиде, Кумсай кендеринде мунай өндүрөт. 2004-жылы түзүлгөн бул компанияда 400гө жакын киши иштейт.

Видео

Видео

Небересин сөөк терип баккан эне
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00
XS
SM
MD
LG