Бул кадам мурдагы президенттин үстүнөн Конгресстин жогорку палатасында сот жараянын баштоого жол ачат.
Айыптоо корутундусу бир беренеден турат. Анда Трамп 6-январда өз тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөздөрү менен «козголоңго шыкакчы болгон» деп айыпталууда.
Сенатта Дональд Трамптын үстүнөн сот процесси 8-февралда башталышы керек. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, мурдагы президенттерге бериле турган түрдүү артыкчылыктар менен жеңилдиктерден кол жууп, алдыдагы президенттик шайлоолордо талапкерлигин коюу укугунан ажырайт. Бул үчүн Сенат мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу талап кылынат. Тактап айтканда, документти бардык демократ-сенаторлор жана 17 республикачы-сенатор колдошу керек. Азырынча Сенаттагы бир гана республикачы Дональд Трампка импичмент жарыяланышын колдой турганын билдирди.
Трамп Өкүлдөр палатасы эки жолу импичмент жарыялаган АКШнын жалгыз президенти. Эми ал кызматтан кеткенден кийин импичмент жарыяланган тарыхтагы алгачкы экс-президент болуп калышы мүмкүн.