Ссылки доступа

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда.

«Курсан Асановду бүгүн кармап, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна алып кетишти», - деди адвокат.

ИИМдин басма сөз кызматы Курсан Асановдун кармалганы тууралуу маалыматты «Азаттыкка» бышыктады.

Ал мурда 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Курсан Асанов 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк ал шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.

Асановдун жубайы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып, 11-январда суракка чакырылган. Сурак маалында инсульт алып, ооруканага түшкөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG