Ссылки доступа

УКМК: Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды


Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт.

Абылгазиев 26-январда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды, тергөө жүрүп жатат.

Мурдагы өкмөт башчы өзү же анын жактоочулары азырынча бул тууралуу комментарий берише элек.

XS
SM
MD
LG