Ссылки доступа

Казакстандын энергетика министринин мурдагы орун басары акталды


Анатолий Шкарупа.

“Бюджеттик каражатты уурдады” деп айыпталган Казакстандын мурдагы энергетика министринин орун басары Анатолий Шкарупа акталды. Сот ишти бир жылдан ашык убакыт карады.

Мурунку чиновник менен башка айыпталуучулар өздөрүн толук актоону, прокурор 8 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесүүнү сураган.

Сот айыпталуучулардын күнөөсү далилденбегенин, сотко чейинки тергөө мыйзамсыз башталганын маалымдады.

45 жаштагы Анатолий Шкарупа энергетика министринин орун басары болуп эки айдай гана иштеген.

2018-жылы ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында ошол кездеги башкы прокурор Кайрат Кожамжаров Шкарупа Караганды облусунун Саран районунун акими болуп турганда бюджеттен 215 миллион доллар уурдап алганын айтып чыккан. Шкарупа бул кызматты 2014-2017-жылдары аркалаган. Бул билдирүүдөн кийин аткаминер өкмөттүн токтому менен кызматынан алынган.

Шкарупа эки жыл тергөөдө жүргөн: 2018-жылы ноябрда ал камалып, 2020-жылы июнда үй камагына чыккан.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Шкарупа Саран шаарынын акими болуп турганда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук энергиясын өлчөө жабдууларын орнотууга акча каралбаганын жана борбордук буу казандын курулушу аяктабай турганын билип туруп кылмыштуу план иштеп чыгууга катышкан. Аны жүзөгө ашыруу үчүн алар бул ишке «Турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү фондунун» ошол кездеги төрагасы Кайсар Байдалыны тартышкан. Ал иштебей турган ”Сарантеплосервис” ишканасына жабдууларды жеткирүү үчүн деп фонддун атынан ENERCO компаниясынын эсебине 215 миллион 89 миң 979 теңге (566 миң доллардан ашык) которгон. Бирок бул сумманын 104 миллион 427 миң теңгеси уурдалып, фондго ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Сот акталган кишилер реабилитацияга жана келтирилген зыянды кайтарып алууга укуктуу.

Видео

Видео

Президенттин корукта катылган хан сарайы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00
XS
SM
MD
LG