Ссылки доступа

5-6-октябрда жарадар болгондор Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну талап кылышты


4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин келип чыккан 5-6-октябрдагы башаламандыктарда Ала-Тоо аянтында жарадар болгон 80ден ашуун адам экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышты.

Кайрылууда: "5-октябрдагы тынчтык митингине чыккандарга карата күч колдонулду, желим октор атылып, көздөн жаш агызуучу газ чачылды. Ондогон адамдар денесинен оор жаракат алып, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумду. Биздин оюбузча тынч элге карата күч колдонуу буйругун ошол кезде армияны, өлкөнү башкарып турган Сооронбай Жээнбеков берген. Оор кылмыш жасалып, адамдар майып болуп, бир адам өлгөнүнө карабай, эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат. Ушундан улам Сооронбай Жээнбековго карата токтоосуз кылмыш ишин ачууну суранабыз", - деп жазышкан.

Кайрылууга кол койгондордун бири Дастан Кубанычбек уулу өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артем Новиковго да кат жолдонгонун "Азаттыкка" айтты.

Башкы прокуратура жана өкмөт аппараты бул кайрылууга байланыштуу комментарий бере элек.

Бишкекте 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон башаламандыктар маалында 1 221 адам жабыркап, жүздөй киши ооруканага түшкөн.

Ондогон адамдардын көзү, башка органдары катуу жабыркаган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

2017-жылдан бери президент болуп келаткан Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда кызматын өз каалоосу менен өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG