Ссылки доступа

Тажикстанда оппозициячыл саясатчыга 15 жылдык жаза суралды


Махмурод Одинаев
Махмурод Одинаев

Мамлекеттик айыптоо 27-январда Душанбенин Рудаки райондук сотундагы отурумда Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын төрага орун басары Махмурод Одинаевди 15 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Саясатчынын жакындарынын айтымында, прокурор Одинаевге «Бейбаштык» беренеси боюнча алты жыл, «Экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренеси боюнча тогуз жыл сурады.

Буга чейин алгачкы сот отурумда камактагы оппозиционер тагылган айыптарды толугу менен четке какканы кабарланган.

2020-жылы 5-декабрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы ноябрдын аягынан бери издөөдө жүргөн Махмурод Одинаев кармалганын билдирген. Көзөмөл органдын маалыматына караганда, ал 29-октябрда Гиссар шаардык аскер комиссариатына келип, уулу негизсиз түрдө аскерге чакырылганын билдирип, коомдук тартипти бузуп, бийлик өкүлдөрүн коркутуп-үркүткөн. Буга байланыштуу ага каршы «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Январдын ортосунда прокуратура Одинаевге «Экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренеси боюнча жаңы айып тагылганын кабарлаган. Тажикстанда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Тажик оппозициясы саясатчыга карата кылмыш иштери саясий негиздер менен козголгон деп эсептөөдө. Одинаев былтыр ноябрдын ортосунда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Душанбенин мэри Рустам Эмомалиге кайрылып, шаардын борбордук бөлүгүндө нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат сураган.

XS
SM
MD
LG