Ссылки доступа

Түркмөнстанда доллардын көмүскө базардагы баасы жогорулап, азык-түлүк кымбаттады


 Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстанда 27-январь күнү эртең менен көмүскө базарда 29 манат 80 теңгеден сатылып жаткан АКШ долларынын курсу түштөн кийин 30 манат 30 теңгеге чейин жогорулап кетти. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, доллардын кымбатташы менен өлкөдө азык-түлүк жана курулуш материалдарынын баасы да жогорулап жатат. Ошол эле маалда расмий курс менен эсептегенде калктын манат менен алган кирешеси көбөйбөй келет.

Өлкөнүн Борбордук банкы белгилеген расмий курска ылайык, 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар.

XS
SM
MD
LG