Ссылки доступа

Казакстанда Көкжиде кенинде иштеген жумушчулар да иш таштоону токтотушту


31-январда Актөбө облусунун Көкжиде кенин иштеткен «КМК Мунай» компаниясынын жумушчулары иш таштоосун токтотушту. Бул тууралуу бир жумадан бери айлыктарын 100% жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен ишке чыкпай жаткан жумушчулар өздөрү билдиришти.

«Биз «КМК Мунайдын» жетекчиси Ван Цзиньбаого төрт талап койдук. Ал талаптардын баары аткарыларын убадалады. 2021-жылдын 1-январынан тартып компаниянын жумушчулары экологиялык төлөмдөрдү жана тарифтик разряддарды эске алуу менен 220-260 миң теңгеден айлык ала башташы керек. Жетекчилик иш таштоого катышкандар куугунтукталбай турганын жана жакынкы убактарда Саркөл айылына жатакана куруп берүүнү убадалады. Мындан тышкары Саркөл, Шубарши жана Кенкияк айылдарынан келип иштеген жумушчулар үчүн 10-февралдан тартып атайын автобус бөлүнмөй болду. Дагы бир маселе — бул кесиптик кошуунду кайра шайлоо», — деди Жасулан Мергалиев деген жумушчу.

400гө киши иштеген «КМК Мунай» компаниясы 2004-жылы негизделген. Сайтындагы маалыматка ылайык, ал Актөбө облусундагы Көкжиде, Кумсай жана Мортук мунай кендерин иштетүү боюнча келишимдерге ээ. Компаниянын акционерлери болуп Панамада катталган Yukon Energy Holding S.A жана казак-кытай биргелешкен «СНПС-Актөбөмунайгаз» ишканалары эсептелет.

XS
SM
MD
LG