Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.
Журналисттин айтымында, мындан тышкары өзбек ТИМи анын аккредитация берүү тууралуу арызына мыйзамда каралган эки айлык мөөнөттө эмес, алты айдан кийин жооп берген. Мекеме анын арызда көрсөтүлгөн басылмалардан башка ЖМКларда да иштегенин жүйө келтирип, аккредитация берүүдөн баш тарткан.
Азырынча өзбек ТИМи польшалык журналисттин бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.