Ссылки доступа

Казакстанда активист Серикжан Билашка козголгон кылмыш иши токтотулду


Активист Серикжан Билаш. Август 2019-жыл

Казакстанда шинжаңдык казактардын укугун коргогон «Атажурт ыктыярчылары» бирикмесинин жетекчиси, активист Серикжан Билашка каршы козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Шынкуат Байжанов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Адвокаттын билдирүүсүнө тиркелген тергөөчүнүн токтомунда «Улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинде «кылмыштын курамы табылбаганы» жана иш 2020-жылы 27-майда токтотулганы жазылган.

Байжановдун айтымында, Билашка кылмыш ишин ачууга анын «көк дамбалдын желбирегени» деген сөзү себеп болгон.

— Кытайдагы казактардын арасында «Көк дамбал» деген тамашалуу ыр популярдуу. Серикжан Билаш шинжаңдык казактарга кайрылуусунда бул ырды белгилөө үчүн «Көк дамбалдың желбірегені» деген сөздөрдү колдонгон. Көп өтпөй полицияга активист «көк түстөгү желекти дамбалга салыштырды» деген мазмунда арыз жазылган. Бирок бул ырды билгендер Серикжандын сөздөрүн туура эле түшүнүшмөк. Лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адистер анын сөзүндө эч кандай кастыкты козутуу жок деген туура чечим чыгарышты, — деди адвокат.

Учурда Түркияда жашап жаткан Билаш өткөн жылы декабрда Financial Times британ басылмасына маек берип, «Кытайдын казак бийлигине жасаган басымынан улам» өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Анын айтымында, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери андан Шинжаңдагы болуп жаткан окуяларга карата «геноцид» жана «этникалык тазалоо» деген сөздөрдү колдонбоону талап кылып, бул «Кытай менен Казакстандын достугуна зыян келтире турганын» айтышкан.

Серикжан Билаш – Кытайда туулуп-өсүп, бир нече жыл мурда Казакстанга кайтып келген казак.

Шинжаңда миңдеген адам «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Алардын арасында 50 миңдей кыргыз бар экени маалым болгон.

Видео

Видео

Баекова: Аскар Акаев мага басым кылган эмес
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:45:24 0:00
XS
SM
MD
LG