«2-февралда министрликтин басма сөз катчысы Авазбек Хожиметов журналист Пикулицканы кабыл алып, болуп өткөн окуяга байланыштуу андан кечирим сурады. Мындан тышкары журналистке аккредитация берүү маселеси 3-февралда аяктай турганын билдирди», – деп кабарлады министрликтин басма сөз кызматы.
Апта башында Ташкентте жашап, The Guardian, Al Jazeera, The Diplomat жана Eurasianet басылмалары үчүн макалаларды жазган Пикулицка Өзбекстан ТИМинин кызматкери ага ыдык көрсөткөнүн айтып чыккан. Журналисттин айтымында, мындан тышкары министрликтин кызматкери ага басым жасап, өлкө тууралуу жакшы маанайда макала жазса аккредитация берилерин билдирген.