Ссылки доступа

Тажикстанда былтыр азык-түлүк баасын негизсиз жогорулаткан ишкерлерге $1 млн. айып пул салынган


Тажикстанда өткөн жылы азык-түлүк бааларын негизсиз жогорулаткан ишкерлерге жалпысынан 11 миллион сомони (1 миллион доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу 3-февралда өлкөнүн Монополияга каршы кызматынын башчысы Абдулмажид Муминзод билдирди.

Анын айтымында, мекеме бааларга көзөмөлдү улантууда: кызматкерлер бүгүнкү күндө да товарлардын жана кызматтардын баасын негизсиз жогорулаткан ишкерлерге айып салууда.

Анткен менен айрым тургундар айып пул салуу да, бааларды көзөмөлдөө да базардагы абалды өзгөртө албаганын билдиришүүдө.

«Азыр базарда эттин килограммы 50 сомони, картошка 5-7 сомони, бир кап ун 220-270 сомони турат. Бул өтө кымбат. Тилекке каршы, базардагы бааларды көзөмөлдөө менен эч ким чындап алектенбейт», — деди Хатлон облусунун Хаким Гаффоров аттуу тургуну.

Монополияга каршы кызматынын башчысы айрым товарларга болгон баалардын жогорулашы сырткы факторлорго байланыштуу экенин кошумчалады. «Өсүмдүк майы аны өндүргөн өлкөлөрдө 47% кымбаттады. Расмий маалыматтар боюнча, Пакистан менен Орусияда кумшекердин баасы 37% жогорулады», — деди Муминзод.

Тажикстандын тургундары өткөн жылдын жаз мезгилинен бери азык-түлүктүн кымбаттап жатканына даттанып келишет.

Тажикстан президентинин алдындагы Статистика боюнча агенттик өткөн жылы өлкөдө азык-түлүк баалары болуп көрбөгөндөй жогорулаганын билдирди. Ага ылайык, 2020-жылы айрым азык-түлүк түрлөрү 42% чейин кымбаттаган.

XS
SM
MD
LG